# КР Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8590/edition/769419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы (11.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68999

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 3-ноябры ПЖ № 220 Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 , 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126, 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү, дин маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо механизмдерин жакшыртуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдында Диний кырдаалды изилдөө борбору түзүлсүн.

2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн административдик имараттарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын облустардагы өкүлдөрүнө кызматтык жайларды бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин;

3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

7. (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн 7 жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын

ТҮЗҮМҮ
