# КРН Президентинин 2006-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 570 "Б.С.Батырбаев, Б.Б.Беккулуева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КРН Президентинин 2006-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 570 "Б.С.Батырбаев, Б.Б.Беккулуева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 570
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68928>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8519/edition/681575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68928.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРН Президентинин 2006-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 570 "Б.С.Батырбаев, Б.Б.Беккулуева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы (30.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68928

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 570

Б.С.Батырбаев, Б.Б.Беккулуева жана башкалар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98-статьясына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 30-ноябрындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын областтык, Бишкек шаардык жана Аскер сотторунун төрагаларын дайындоо жөнүндөгү" Указы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелсин:

Батырбаев Бактыбек Сулаймановичтин - Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы; Беккулуева Бактыгүл Бакаевнанын - Нарын областынын арбитраждык сотунун төрайымы, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 252 "К.Ж.Качкыналиева, М.А.Токтомушев жана башкалар жөнүндөгү" Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Нарын областынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун (Нарын областынын райондор аралык соту) төрайымынын кызматына которулган; Жусубалиев Табылды Кудайбердиевичтин - Баткен областтык сотунун төрагасы; Качкыналиева Калыйса Жумашалиевнанын - Бишкек шаарынын арбитраждык сотунун төрайымы, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 252 "К.Ж.Качкыналиева, М.А.Токтомушев жана башкалар жөнүндөгү" Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун (Бишкек шаарынын райондор аралык соту) төрайымынын кызматына которулган; Мураталиев Рапылбек Эсенгелдиевичтин - Нарын областтык сотунун төрагасы; Салиев Рахимберди Абдыкалыковичтин - Бишкек шаардык сотунун төрагасы.

2. Бул Жарлык 2006-жылдын 30-ноябрынан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
