# КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68923>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8514/edition/681567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68923.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68923

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 27-октябры ПЖ № 216 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласындагы "тарбиялоону жана билим берүүнү" деген сөздөр "тарбиялоону, илимди жана билим берүүнү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы, 2-пункттун үчүнчү абзацындагы, 3-пункттагы ар кандай жөндөмөдөгү "билим берүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "билим берүү жана илим" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:

аталышындагы жана 1-пункттагы "билим берүүнү" деген сөздөр "билим берүүнү жана илимди" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-3, 5-6-пункттардагы "билим берүүнү" деген сөздөр "билим берүүнү жана илимди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 3-ноябрында N 108 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

Тиркеме Билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештин КУРАМЫ

Адамкулова Чинара Усенбековна

\-

экономика илимдеринин кандидаты, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Глушкова Марина Юрьевна

\-

биология илимдеринин кандидаты, Социалдык интеграциялоо борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Дербишева Замира Касымбековна

\-

филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Жусупова Алия Мырсалиевна

\-

"Билим берүү демилгелеринин форуму" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);

Керезбеков Канат Керезбекович

\-

юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);

Ким Алла Николаевна

\-

Бишкек шаарынын № 47 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору (макулдашуу боюнча);

Коротенко Владимир Александрович

\-

философия илимдеринин кандидаты, "Биом" экологиялык кыймылынын кеңешинин төрагасы(макулдашуу боюнча);

Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич

\-

техника илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору (макулдашуу боюнча);

Мундузбаева Елена Владимировна

\-

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия берүү комплексинин директору (макулдашуу боюнча);

Разаев Маматкалил Маматюсупович

\-

Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоорлору боюнча адис (макулдашуу боюнча);

Рыскелдиев Улан Асанович

\-

техника илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча);

Сирмбард Светлана Рустамовна

\-

доцент, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук эксперт (макулдашуу боюнча);

Эсенгулова Миргүл Молутбековна

\-

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча).
