# КР Президентинин 2015-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68922>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8513/edition/681563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68922.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Жарлыгы (28.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68922

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 28-октябры ПЖ № 218 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө Жаңы VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши башталгандыгына, мурдагы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары токтотулгандыгына жана тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы", "Ар-Намыс" жана "Ата-Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2014-жылдын 31-мартындагы коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

2. Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
