КР Президентинин ПЖ № 211 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы „Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралу“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Реестрде документтин статусу: «Утратил силу». Күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүдөн мурун учурдагы редакциясын текшериңиз. «Указ Президента КР от 22 сентября 2020 года № 178 "Об утверждении Положенияо Национальном статистическом комитете Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-09-22.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Президентинин 2020-жылдын 29-сентябры ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 21-октябры ПЖ № 211 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жободо:
5-пунктунда: тогузунчу абзац "аны колдонуу маселелеринде" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну кошо алганда," деген сөздөр менен толукталсын; он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "статистикалык маалыматты, ошондой эле эсепке алуу бирдигинин деңгээлинде баштапкы администрациялык маалыматтарды топтоо, сактоо, коргоо иштерин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын купуялуулугун сактоо."; 6-пункттун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "статистикалык маалыматты, ошондой эле эсепке алуу бирдигинин деңгээлинде баштапкы администрациялык маалыматтарды бекем коргоону жана сактоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын купуялуулугун сактоо;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ЖарлыгыУказ · 22.09.2020 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы № 335 Жарлыгы менен бекитилген)Положение · 11.07.2007 · № 335 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ЖарлыгыУказ · 22.09.2020 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы №335 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" ЖарлыгыУказ · 11.07.2007 · № 335 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон