# КР Президентинин 2015-жылдын 2-октябрындагы ПЖ № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 2-октябрындагы ПЖ № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68896>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8487/edition/677718/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68896.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 2-октябрындагы ПЖ № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы (02.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68896

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 2-октябры ПЖ № 189 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгы;

2) "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 30-ноябрындагы № 293 Жарлыгы.

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
