# КР Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы ПЖ № 175 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы ПЖ № 175 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8475/edition/671326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы ПЖ № 175 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө" токтому (29.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68884

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 27-августу ПЖ № 175 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө (КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. 2015-жылдын 28-августунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

- Саргалдакова Гульмира Зарлыковна;

- Смаилова Асел Асылбековна.

(КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
