# КР Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы ПЖ № 174 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы ПЖ № 174 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8474/edition/671322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы ПЖ № 174 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (29.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68883

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 27-августу ПЖ № 174 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө (КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши киргизген Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына жаңы талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык токтом кылам:

1. 2015-жылдын 28-августунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

- Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

- Саргалдакова Гульмира Зарлыковна;

- Смаилова Асел Асылбековна.

(КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
