# КР Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68870>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8461/edition/1171480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68870.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68870

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 25-июлу ПЖ № 157 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 01-1/7-296 катында билдирилген расмий позициясын көңүлгө алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;

2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугу жана шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

6. Бул Жарлык "Эркин-Тоо" гезитине расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
