# КР Президентинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги ПЖ № 52 "М.М.Оморова жана Ш.К.Астаркулов жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги ПЖ № 52 "М.М.Оморова жана Ш.К.Астаркулов жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68779>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8370/edition/634660/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68779.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги ПЖ № 52 "М.М.Оморова жана Ш.К.Астаркулов жөнүндө" Жарлыгы (23.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68779

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 23-апрели ПЖ № 52

М.М.Оморова жана Ш.К.Астаркулов жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

- 2015-жылдын 23-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Оморова Максуда Мадиевнанын;

- 2015-жылдын 26-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы Астаркулов Шаршенбек Касаболотовичтин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
