# 51-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине жетекчилик кылуу жана алар менен өз ара аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/686)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1360-XII "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1360-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458); 03.06.2019 [Закон КР от 3 июня 2019 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111916)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/686#diff=1272922..1272923>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-650/edition/1272890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/686/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө, 51-статья (11.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-51

---

Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери менен өз ара аракетте аткарат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин курамы жана ишин уюштуруу "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Аскерлерге жетекчилик кылууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, ал эми түздөн-түз башкарууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы жүзөгө ашырат. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн башчылары өз компетенциясынын чегинде ведомстволук аймакта жайгаштырылган жана коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бөлүмдөрүнө жана бөлүктөрүнө карата улук ыкчам башчылар болуп саналат. (КР 2019-жылдын 3-июнундагы № 69, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйздарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-5)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-6)
