# 3-статья. Ички иштер органдарынын иши жана жарандардын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/686)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1360-XII "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1360-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-650/edition/1272890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/686/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө, 3-статья (11.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-3

---

Ички иштер органдары өз ишинде жарандардын укугун урматтоого негизденишет жана алардын жарандыгына, социалдык, мүлктүк жана башка абалына, расалык жана улуттук таандуулугуна, жынысына, курагына, билимине жана тилине, динге болгон мамилесине, саясий жана башка ишенимдерине, иштеген ишинин түрүнө жана мүнөзүнө карабастан ар бирин коргоонун кепили болуп саналат. Жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине ар кандай чек коюуга мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте гана жол берилет. Жарандар өздөрүнүн укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелиши жаатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түшүнүк алууга укуктуу. Ички иштер органынын кызматкеринин аракети менен өзүнүн укугуна, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына шек келтирилди деп эсептелген адамдар бул аракеттерге ички иштер органынын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу. Ички иштер органдары кармалгандарга, камакка алынгандарга жана соттолгон адамдарга юридикалык жактан коргонуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, алардын турган жери жөнүндө туугандарына, иштеген же окуган жериндеги администрацияга билдиришет. Зарыл болгон учурда ички иштер органдары аларга токтоосуз түрдө медициналык жана башка жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аталган адамдарды кармоонун, камакка алуунун, соттоонун натыйжасында жарандардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген коркунучту четтетүүгө карата чараларды көрүшөт.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-4)
