3-статья. Ички иштер органдарынын иши жана жарандардын укуктары
Күчүндө · 11.06.2025 редакциясы · I бөлүм
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ички иштер органдары өз ишинде жарандардын укугун урматтоого негизденишет жана алардын жарандыгына, социалдык, мүлктүк жана башка абалына, расалык жана улуттук таандуулугуна, жынысына, курагына, билимине жана тилине, динге болгон мамилесине, саясий жана башка ишенимдерине, иштеген ишинин түрүнө жана мүнөзүнө карабастан ар бирин коргоонун кепили болуп саналат. Жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине ар кандай чек коюуга мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте гана жол берилет. Жарандар өздөрүнүн укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелиши жаатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түшүнүк алууга укуктуу. Ички иштер органынын кызматкеринин аракети менен өзүнүн укугуна, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына шек келтирилди деп эсептелген адамдар бул аракеттерге ички иштер органынын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу. Ички иштер органдары кармалгандарга, камакка алынгандарга жана соттолгон адамдарга юридикалык жактан коргонуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, алардын турган жери жөнүндө туугандарына, иштеген же окуган жериндеги администрацияга билдиришет. Зарыл болгон учурда ички иштер органдары аларга токтоосуз түрдө медициналык жана башка жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аталган адамдарды кармоонун, камакка алуунун, соттоонун натыйжасында жарандардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген коркунучту четтетүүгө карата чараларды көрүшөт.
Берененин тексти 11.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/686/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>