# 25-статья. Ички иштер органдарын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/686)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1360-XII "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1360-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458); 11.01.2014 [Закон КР от 11 января 2014 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205225); 18.04.2013 [Закон КР от 18 апреля 2013 года № 55 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203862); 23.05.2012 [Закон КР от 23 мая 2012 года № 63 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203663)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/686#diff=1272922..1272923>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-650/edition/1272890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/686/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө, 25-статья (11.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-25

---

Ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүнө жана мекемелерине кызматтык имараттарды, ал эми аймактык тескөөчүлөргө тейленген жерлеринде иш жүргүзүү үчүн жабдылган жайларды, автомототранспорт жана байланыш каражаттарын акысыз беришет. Келишимдердин негизинде түшкөн каражаттардын эсебинен күтүлүүчү ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүнө тиешелүү министрликтер, ишканалар, уюмдар, мекемелер кызматтык имараттарды, транспортту, байланыш каражаттарын жана алардын талаптагыдай иштеши үчүн зарыл мүлктөрдү акысыз беришет. Темир жол, аба, суу транспортторунда, атайын объектилерде ички иштер органдары акысыз жабдылган кызматтык жайлар, байланыш каражаттарды, автомототранспорт менен тиешелүү тармактардын эсебинен акысыз камсыз кылынат жана ал тармактар ал каражаттарды пайдалануу боюнча чыгымдарды да төлөшөт. Коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана мекемелерине кызматтык телефондорду коюп берүүдө жана АТСтен номер бөлүп берүүдө акыркылар байланыш түйүндөрдүн өнүктүрүү боюнча үлүштүк катышууга каражат төлөөдөн бошотулушат. Алынып коюлган, ошондой эле соттун чечими боюнча конфискацияланган автомототранспорт, үн жазма жана видеотехника, компьютерлер, оргтехникалык каражаттар жана башка мүлктөр ички иштер органдарына материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлүп берилет. (КР 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2014-жылдын 11-январындагы № 5, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-26)
