# 1-статья. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/686)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1360-XII "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1360-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458); 03.06.2019 [Закон КР от 3 июня 2019 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111916); 11.01.2014 [Закон КР от 11 января 2014 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205225); 18.04.2013 [Закон КР от 18 апреля 2013 года № 55 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203862); 23.05.2012 [Закон КР от 23 мая 2012 года № 63 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203663); 08.10.2008 [Закон КР от 8 октября 2008 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202423); 21.11.1997 [Закон КР от 21 ноября 1997 года №82 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/686#diff=1272922..1272923>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-650/edition/1272890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/686/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө, 1-статья (11.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-1

---

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары - коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралдуу укук коргоо органы. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, ага баш ийген облустардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалары, ички иштер органдарынын транспорттук кичи бөлүмдөрү, шаардык, райондук, шаарлардагы райондук, айылдык кичи бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объектилердеги кичи бөлүмдөрү, окуу жайлары, мекемелери, уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бирдиктүү системасын түзөт. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына баш ийет жана өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат. (КР 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82, 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2012-жылдын 23-майындагы №63, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 2014-жылдын 11-январындагы № 5 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 69, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/686/st-2)
