Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 41 «Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 27-марты ПЖ № 41 Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгьна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана "Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңеши, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши таркатылсын.
2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2015-жылдын 17-майына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кенештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык- техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 51 "2015-жылдын 17-майындагы Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин…Постановление · 27.05.2015 · № 51
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 52 "2015-жылдын 17-майындагы Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык…Постановление · 27.05.2015 · № 52
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 32 "2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал…Постановление · 02.04.2015 · № 32
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 30 апреля 2015 года № 42 "Об утверждении Положения «О порядке апробирования модели избирательного…Постановление · 30.04.2015 · № 42
- КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана…Постановление · 02.04.2015 · № 33
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон