# КР Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8351/edition/620981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому (17.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68461

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 17-февралы ПЖ № 25 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо үчүн "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Ниязов Фарид Абилезимович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы;

Мамасадыков Рустам Алайбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кутушев Абдыманап Орозбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Апилов Эрнист Мыктыбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

Азыранкулов Айбек Жаныбекович

\-

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;

Оторбаев Эринес Мотойович

\-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Жапаркулов Рыскулбек Эсенбекович

\-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Дөөталиев Улан Тимурович

\-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Шаикова Алина Кавылбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
