# КР Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8326/edition/613841/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгы (03.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68435

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 3-февралы ПЖ № 12 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 16-сентябрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматында кадр ишинин кээ бир маселелери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 12-мартындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
