# КР Президентинин 2015-жылдын 22-январындагы ПБ № 10 (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун курамы жөнүндө)

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 22-январындагы ПБ № 10 (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун курамы жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7343/edition/871471/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 22-январындагы ПБ № 10 (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун курамы жөнүндө) (22.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68352

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2015-жылдын 22-январы ПБ № 10 (КР Президентинин 2018-жылдын 10-мартындагы ПБ № 41 буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Уставына ылайык: Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Байкоочу кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү катары киргизилсин. (КР Президентинин 2018-жылдын 10-мартындагы ПБ № 41 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-мартындагы № 40 буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
