# КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2014-жылдын 30-декабрындагы № 297 (Жарандарды кабыл алуу графигин бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2014-жылдын 30-декабрындагы № 297 (Жарандарды кабыл алуу графигин бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7342/edition/605857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2014-жылдын 30-декабрындагы № 297 (Жарандарды кабыл алуу графигин бекитүү жөнүндө) буйругу (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68345

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ БУЙРУК 2014-жылдын 30-декабры № 297

«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык, жарандардын кайрылууларына тез арада жооп кайтаруу жана калк менен карым-катышты жакшыртуу максатында:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги 1-тиркемеге ылайык;

- 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчыларынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу комиссиялардын жооптуу катчыларынын жарандарды кабыл алуу графиги 2-тиркемеге ылайык:.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин администрациялык имаратында: Бишкек шаары. Чуй проспекти, 205 дареги боюнча жүргүзүлөөрү;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын жана анын орун басарларынын жарандарды кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын администрациялык имаратында: Бишкек шаары, Киев көчөсу, 114 дареги боюнча жүргүзүлөөрү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчыларынын жана Кыргыз Республикасынын Преэидентине караштуу комиссиялардын жооптуу катчыларынын жарандарды кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамасында: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 207 дареги боюнча жүргүзүлөөрү.

3. Жарандарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 26-августундагы № 71 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамасы жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлумү зарыл болгондо, жарандар койгон маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен консультация жүргүзүүгө (керектүү маалыматты суратууга), ошондой эле аларды атайын билимдерди же өзгөчөлүү тажрыйбаны талап кылган маселелерди чечүү боюнча жарандарды биргелешип кабыл алууну жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамасына чакырууга укуктуу экендиги белгиленсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси

Д.И. Нарымбаев

1 - тиркеме

2015-жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын жана Kыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын жарандарды жеке кабыл алуу

ГРАФИГИ

№

Кызмат орду

Кабыл алуу күнү жана айы

Кабыл алуу убактысы

1.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси

Кайрылууга жараша

2.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары

Кайрылууга жараша

3.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары

Кайрылууга жараша

4.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы

Кайрылууга жараша

2 - тиркеме

2015-жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчыларынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу комиссиялардын жооптуу катчыларынын жарандарды кабыл алуу

ГРАФИГИ

№

Кызмат орду

Кабыл алуу күнү жана айы

Кабыл алуу убактысы

1.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

Кайрылууга жараша

2.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы

Кайрылууга жараша

3.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы

Айдын биринчи жана үчүнчү шейшембиси

15.00-17.00

4.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы

Айдын экинчи жана төртүнчү шейшембиси

15.00-17.00

5.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары

Айдын биринчи жана үчүнчү шаршембиси

15.00-17.00

6.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары

Айдын экинчи жана төртүнчү шаршембиси

15.00-17.00

7.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы

Кайрылууга жараша

8.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы

Айдын биринчи жана үчүнчү бейшембиси

15.00-17.00

9.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Aппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы

Айдын экинчи жана төртүнчү бейшембиси

15.00-17.00

10.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы

Айдын биринчи жана үчүнчү жума күнү

15.00-17.00

11.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы

Дайыма

12.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу комиссиялардын жооптуу катчылары

Кайрылууга жараша
