# КР Президентинин 2004-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ N 298 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы Указына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2004-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ N 298 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы Указына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 298
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8281/edition/605557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68340.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2004-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ N 298 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы Указына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы (21.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68340

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2004-жылдын 9-сентябры ПЖ № 298 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы Указына толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы № 167 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестриндеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесинин I бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик кызмат орундары" деген V бөлүмүнө төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

"Улук кызмт орду" деген топто:

- "Бөлүм башчы" деген саптын алдында "Аппараттын жетекчисинин орунбасары" деген сап менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
