КР Президентинин ПЖ № 226 «А.Ж. Исраилов жана Ж.М. Эгембердиев жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2014-жылдын 20-декабры ПЖ № 226
А.Ж. Исраилов жана Ж.М. Эгембердиев жөнүндө
Соттордун айыптоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары А.Ж. Исраиловду жана Ж.М. Эгембердиевди ээлеген кызмат ордуларынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Исраилов Автандил Жапарович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эгембердиев Жунусмамат Мырзамамытович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон