# КР Президентинин 2014-жылдын 19-декабрындагы ПБ № 228 (Москва шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына киргизилүүчү документтердин долбоорлорун жактыруу жөнүндө)

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 19-декабрындагы ПБ № 228 (Москва шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына киргизилүүчү документтердин долбоорлорун жактыруу жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7339/edition/601302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 19-декабрындагы ПБ № 228 (Москва шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына киргизилүүчү документтердин долбоорлорун жактыруу жөнүндө) (19.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68323

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2014-жылдын 19-декабры ПБ № 228 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына киргизилүүчү документтердин расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын:

- Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө протоколдун долбоору;

- 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протоколдун долбоору.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
