# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 203 "2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 203 "2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8237/edition/594257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 203 "2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" Жарлыгы (14.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68293

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 14-ноябры ПЖ № 203 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кенешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, адам укуктарынын негизги принциптерин, абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоо, мамлекеттик жөнгө салуу жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү системасын өркүндөтүү, мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту андан ары бекемдөө, ошондой эле Кыргызстан калкынын маданиятын, тилин жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы, өлкөнү өнүктүрүүнүн өзгөчөлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун эске алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-ноябрында жактырган 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын тиркелген концепциясы (мындан ары - Концепция) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алып, Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын 2015-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын;

2) иш-чаралардын планын ишке ашырууну финансылык камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу менен бирдикте жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка институттары менен кызматташып, Концепциянын негизги жоболору жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө калкка, диний уюмдарга кеңири маалымат берүүнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
