# КР Президентинин 2004-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 454 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2004-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 454 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 454
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/68288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8232/edition/1162611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/68288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2004-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 454 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы (25.12.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/68288

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2004-жылдын 25-декабры ПЖ № 454 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу

Вице-премьер-министрлердин ортосунда милдеттерди кайра бөлүштүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамындагы структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы № 372 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

- 1-пункттун экинчи абзацында "биринчи" деген сөз алып салынсын;

- 1-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орунбасары";

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүтүрүү, өнөржай жана соода министри; Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министри"; Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орунбасары; Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар Мамлекеттик агентствосунун директору".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
