# 98-статья. Издөө жана куткаруу иштерин камсыз кылуу

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XI Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 98-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-98

---

(Статьянын аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) Кырсыкка учурап жаткан жана учураган аба кемесин издөө жана анын жүргүнчүлөрү менен экипажын куткаруу, аэродромдорго (аэропортторго) авиациялык издөө-куткаруу күчтөрүн жана каражаттарын топтоо, аталган иштер жүргүзүлгөн мезгилдин ичинде алардын учушун тейлөө жана камсыз кылуу боюнча иштер кезексиз, акысыз жүргүзүлөт. Аба кемесин, анын жүргүнчүлөрү менен экипажын кырсык болгон жерде эвакуациялоо ишин кырсыюка учураган аба кемесин пайдалануучунун күчтөрү жана каражаттары же болбосо ушул пайдалануучунун эсебинен башка күчтөр жана каражаттар аркылуу жүргүзүлөт. Кырсыкка учурап жаткан же учураган чет өлкөлүк аба кемелерине, алардын жүргүнчүлөрүнө жана экипаждарына Кыргыз Республикасынын аба кемелери менен бирдей негизде жардам көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [97-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-97)  
Кийинки берене: [99-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-99)
