# 97-статья. Издөө жана куткаруу ишин жүргүзүү

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XI Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 97-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-97

---

(Статьянын аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемеси токтоосуз издөөгө жана куткарууга алынат. Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемеси издөө жана анын жүргүнчүлөрү менен экипажын куткаруу ишин Кыргыз Республикасынын Авиациялык издөө-куткаруу кызматы уюштурат жана жүргүзөт. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизинде аракеттенет. Авиациялык издөө-куткаруу ишин уюштурган жана жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын Авиациялык издөө-куткаруу кызматы министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана граждандардын күч каражаттарын пайдаланууга, аларды ишке тартууга укуктуу. Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемелерин, жүргүнчүлөр ме- нен экипаждарды издөөнү жана куткарууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Авиациялык издөө-куткаруу кызматы издөөчү-куткаруучу күчтөрдүн жана каражаттардын суткалык дежурлугун уюштурат. Бул күчтөрдүн жана каражаттардын курамы, техниканын жана жабдуулардын тизмеси, издөө-куткаруу иштерин башкаруунун тартиби жана кызмат адамдарынын милдеттери издөөнү жана куткарууну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелер менен жөнгө салынат. Издөө-куткаруу күчтөрү жана каражаттары күзөткө ажыратылган кезде ишканалар, мекемелер, уюмдар жана граждандар аларды издөө-куткаруу ишине шаймашай абалда кармап турууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыкка учурап жаткан жана учураган аба кемесине зарыл жардам көрсөтүү үчүн бул ишке:

а) башка мамлекеттердин издөөчү-куткаруучу күчтөрү жана каражаттары;

б) ошол кемелердин ээлери жана аларды пайдалануучулар;

в) кырсыкка учурап жаткан (учураган), аба кемеси катталган мамлекеттин бийликтери катыштырылышы мүмкүн.

Издөө-куткаруу ишине катышуунун тартиби мындай учурда Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндөгү Жободо белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-96)  
Кийинки берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-98)
