# 93-статья. Авиация коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: X Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 93-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-93

---

Аба кемелерин иштетүүчүлөр, аба кемелерин кабыл алуучу, жасоочу же тейлөөчү ишканалар, мекемелер, уюмдар жана граждандар Кыргыз Республикасынын авиациялык коопсуздугун камсыз кылууну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Авиацияны анын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо:

1. Аэродромдун контролго алынган зонасына чоочун адамдардын жана транспорттун көзөмөлсүз киришине жол бербөө;

2. Курал, ок дүрмөттөрү, жарылуучу, радиактивдгүү, ууландыруучу, жеңил тутануучу, аба транспортунда алып жүрүүгө тыюу салынган башка да коркунучтуу буюмдар менен заттарды жүргүнчүлөрдүн жашырып алып өтүшүнө мүмкүнчүлүк бербөө;

3. Курал жарактарды жана ок дарыларды дүрмөттөлбөгөн абалда жүргүнчүлөрдөн окчун турган атайын жерлерде ташып кетүүнү камсыз кылуучу коопсуздуктун өзгөчө чараларын колдонуу;

4. Аба кемелерин токтоп турган жеринде аларды ондоого, эксплуатациялоого же тейлөөгө тиешеси жок адамдардын кирип кетишине жол бербегидей абалда коргоо;

5. Аба кемелерин атайын текшерип көрүп чыгуу;

6. Аба кемелерин учуу маалында зкипаждын коопсуз ишин камсыз кылуучу, ошондой эле аба кемесин укукка туура келбеген иштерге колдонууну жокко чыгаруучу техникалык каражаттар менен жабдуу;

7. Авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө каршы атайын чараларды иштеп ыгуу аркылуу камсыз кылынат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-92)  
Кийинки берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-94)
