# 9-статья. Граждандык авиация органынын функциялары жана милдеттери

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2014 [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770); 20.08.2007 [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675943..675944>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 9-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-9

---

Граждандык авиация органынын функциялары жана милдеттери төмөндөгүлөрдү камтыйт: (а) аба аркылуу ташуулардын жана граждандык авиация жагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнүн коопсуздугун, туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасындагы граждандык авиация ишин жөнгө салууну; (б) граждандык авиация жагындагы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин жана башка нормативдик укук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну; (в) авиация персоналына күбөлүктөрдү берүүнү; (г) граждандык аба кемелерин жана авиациялык буюм-тайымдарды сертификациялоону; (д) Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана биргелешип жайгашуучу аэродромдорун сертификациялоону; (е) иштетүүчүлөрдү сертификациялоону; (ж) учууларды тейлөөгө, аба кемелерин жана башка авиациялык нерселерди техникалык жактан тейлөө, ремонттоо, авиациялык персоналды даярдоо менен байланышкан иштерди сертификациялоону жана/же лицензиялоону, ошондой эле Кыргыз Республикасында граждандык авиациянын коопсуздугу, туруктуулугу жана натыйжалуулугу үчүн зарыл болгон дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү - сертификациялоону же лицензиялоону; (з) граждандык аба кемелерин каттоону; (и) Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана бирге жайгашуучу аэродромдорун каттоону; (к) Кыргыз Республикасынын аба жолдорунун тизмесин каттоону; (л) Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык информация жыйнагын чыгарууну; (м) Кыргыз Республикасынын иштетүүчүлөрүнүн реестрин жүргүзүүнү; (н) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин жана эларалык уюмдардын ортосунда граждандык авиация жагындагы макулдашууларга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуну жана/же кол коюуга катышууну; (ө) граждандык авиациянын эларалык уюму (ИКАО), ошондой эле башка эларалык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын атынан өз компетенциясынын чегинде эриш-аркак аракеттенүүнү; (п) Кыргыз Республикасында аэронавигациялык жана аэропорттук кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу тарифтерди жана жыйымдарды бекитүүнү; (р) ушул Кодекске жана Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын тиешелүү жоболоруна ылайык каттоочу мамлекеттин жана иштетүүчү мамлекеттин функцияларын аткарууну; (с) Кыргыз Республикасындагы граждандык авиация ишин башкаруу максатында граждандык авиация органына жүктөлүшү мүмкүн болгон башка функцияларды жана милдеттерди аткарууну. Кыргыз Республикасында катталган аба кемеси ижарага алуу, жалдоо, же аба кемелерин өз ара алмашуу келишимине же ушул сыяктуу башка ар кандай келишимдерге ылайык иштетүүчү тарабынан иштетилсе, анын ишинин негизги орду, эгерде анда андай орун болбосо, туруктуу жайгашкан жери башка мамлекетте (макулдашуучу мамлекетте) болсо Кыргыз Республикасы граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 83 bis статьясына ылайык андай мамлекет менен макулдашуу боюнча ал аба кемесине карата каттоочу мамлекеттин Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 12, 30, 31 жана 32"а"-статьяларында каралган өзүнүн функцияларынын жана милдеттеринин баарын же айрым бөлүгүн ага өткөрүп бере алат. Мында Кыргыз Республикасы өткөрүп берилген функциялар жана милдеттер боюнча жоопкерчиликтен бошотулат. Макулдашылган башка мамлекетте катталган аба кемеси ижарага алуу, жалдоо, же аба кемелерин өз ара алмашуу келишимине же ушул сыяктуу башка ар кандай келишимдерге ылайык иштетүүчү тарабынан иштетилсе, анын ишинин негизги орду же, эгерде анда андай орун болбосо, туруктуу жайгашкан жери Кыргыз Республикасында болсо, Кыргыз Республикасы Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 83 bis статьясына ылайык андай мамлекет менен макулдашуу боюнча ал аба кемесине карата каттоочу мамлекеттин Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 12, 30, 31 жана 32"а"-статьяларында каралган функцияларынын жана милдеттеринин баарын же айрым бөлүгүн өзүнө өткөрүп ала алат. Мында Кыргыз Республикасы өзүнө өткөрүп алган функциялар жана милдеттер боюнча жоопкерчилик тартат. Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттин функцияларды жана милдеттерди өткөрүп берүүсү ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн макулдашуу Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 83-статьясына ылайык катталбаса жана жарыяланбаса, же макулдашуунун болгону жана анын предмети жөнүндө Кыргыз Республикасы же ал макулдашуунун тарабы болгон башка мамлекет тарабынан кызыгдар болгон башка макулдашуучу мамлекеттин же мамлекеттердин бийликтерине түздөн-түз кабарлаганга чейин макулдашуучу башка мамлекеттерге карата жараксыз болот. Граждандык авиация органы өзүнүн структурасында инспекторлорду кармай алат, алардын функциялары граждандык авиация органына сертификациялоо, лицензиялоо боюнча функцияларын же граждандык авиация органынын жөнгө салуучу башка функцияларын аткарууга жардам көрсөтүүдө турат жана көзөмөлдөө боюнча органдын инспекторлорунун функцияларын жана ыйгарым укуктарын алмаштырбайт же кайталабайт. Граждандык авиация органынын инспектору атайын ырастама менен камсыздалат жана инспектордук функцияларды жана милдеттерди аткаруу максатында аба кемелерине, аэропорттордун жайларына, аэродромдорго, аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча авиациялык объекттерге, техникалык тейлөө боюнча уюмдар тарабынан бекитилген ангарларга, устаканаларга, перрондорго, күйүүчү май сактоочу жайларга, күйүүчү май-куюу комплекстерине (уюмдарга), эксплуатациялоочунун кызматтык жайына, жүктөрдү тейлештирүү зоналарына, авиациялык окуу жайларына жана мамлекеттеги граждандык авиациянын бардык каражаттарына жана жабдууларына толук жана чектелбеген жеткиликтүүлүккө ээ. Граждандык авиация органынын инспекторунун ыйгарым укуктары белгилүү болгон кемчиликтер же эреже бузуулар жөнүндө граждандык авиация субъектинин жетекчисине билдирүү жана граждандык авиация субъектинин жетекчисине сертификат, лицензия же кайсы бир уруксаттарды берүүдөн баш тартуу, иштетүүчүнүн сертификатында, лицензияларда же уруксаттарда айтылган, ошол иштетүүчүнүн же жактын аткаруусу учуулардын коопсуздугунун кызыкчылыгына карама-каршы келүү же ушул Кодекстин кайсы бир жоболоруна ылайык эмес катары каралуучу шарттарга жана чектөөлөргө тыюу салуу, бузуу, токтото туруу, кайра алып коюу, жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө рекомендацияларды берүү менен чектелет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-10)
