# 86-статья. Башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: IX Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 86-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-86

---

Республикасынын чектеринде учушу

Башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын чектеринде учушу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдердин негизинде жана шарттарына ылайык, ошондой эле граждандык авиация органынын тийиштүү уруксаты менен ишке ашырылат. Башка мамлекеттердин аба кемелеринин учушуна уруксаттарды берүү башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аймагында жана аймагы аркылуу учууларын жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык ишке ашырылат. Башка мамлекеттердин аба кемелерин иштетүүчүлөр Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учууларды аткаруу үчүн граждандык авиация органына ушул Кодекске ылайык үчүнчү жактарга жана башка аба кемелерине зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башкача камсыз кылуу жөнүндөгү документтерди беришет. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттердин аба кемелерине Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү, почта жана жүктөрдү сый акысына же жалдоо боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде бара турган башка пунктка ташуу үчүн бортко алууга уруксат берүүдөн баш тартууга укуктуу. Кыргыз Республикасы башка мамлекетке же кайсы бир башка мамлекеттин авиаташуучусуна өзгөчө негиздеги ар кандай артыкчылык берүүчү кандайдыр бир макулдашууларга кошулбайт. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-87)
