# 81-статья. Аба кемелеринин кагылышуусунан улам келип чыккан зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: IX Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 81-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-81

---

Эки же андан көп аба кемелери кагылышкан учурда, ошондой эле кагылышпастан туруп бир аба кемеси экинчи аба кемесине зыян келтирген учурларда аба кемелеринин ээлеринин өз ара мүлк жоопкерчилиги төмөндөгүдөй тартипте аныкталат:

1. Бир тараптын күнөөсүнөн келип чыккан зыянды ошол тарап толук өлчөмдө төлөйт.

2. Эгер зыян эки (же бир нече) тараптын тең күнөөсүнөн келип чыкса, анда ар биринин жоопкерчилиги күнөөнүн өлчөмүнө жараша аныкталат: эки тараптын тең канчалык күнөөлү экендигин аныктоо мүмкүн болбогон учурда жоопкерчилик эки тарапка тең жүктөлөт.

Бир тараптын күнөөсү жок болсо, эки тарап тең бири-биринен зыяндын ордун толтурууну талап кыла албайт. Аба кемелери кагышкан тараптардын бири да күнөөсү далилделмейинче күнөөлү деп эсептелбейт. Жүргүнчүлөрдүн өлүмүнөн же ден соолугунун жабыр тартышынан улам келип чыккан зыян үчүн, ошондой эле аба кемесиндеги үчүнчү тараптардын мүлкүнө же ташуучуга тапшырылган мүлккө тийгизилген зыян үчүн ушул Кодекстин эрежелери боюнча ташуучу мүлк жоопкерчилигин тартат. Ошол эле мезгилде ташуучу кимдин күнөөсү боюнча зыянга кириптер болсо, ушул статьянын 1 жана 2 пункттарына ылайык, ошол тарапка талап коюуга (регресс) укуктуу.

---

Мурунку берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-80)  
Кийинки берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-82)
