# 8-статья. Граждандык авиацияны мамлекеттик жөнгө салуучу орган

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2014 [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368); 20.08.2007 [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675943..675944>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 8-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-8

---

Кыргыз Республикасында граждандык авиациянын ишин мамлекеттик жөнгө салууну граждандык авиациянын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - граждандык авиация органы) жүзөгө ашырат. Граждандык авиация органы мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана граждандык авиациянын чарбакер ёсубъекттеринин тийиштүү төлөмдөрүнүн эсебинен, Кыргыз Республикасынын тийиштүү нормативдик укуктук актысында белгиленген тартипте каржыланат. Граждандык авиация органы коопсуздукка байланышкан бардык аспектилерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин конкреттүү жоболоруна ылайык, талаптардан бошотууларды жазуу жүзүндө бере алат. Тийиштүү бошотууларды берүү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылат. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылган кандайдыр бир талапка ылайык келбеген учурда, граждандык авиация органы авиациялык иликтөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде бекитилген тийиштүү талаптарды сактоодон улам белгиленгендин эквиваленти болгон коопсуздуктун деңгээлин камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды жана жол-жоболорду белгилей алат.

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-9)
