# 68-статья. Учуу эрежелери

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: IX Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 68-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-68

---

Кыргыз Республикасы өзүнүн мамлекеттик аба кемелери үчүн эрежелерди белгилеген учурда Граждандык аба кемелеринин навигациясынын коопсуздугуна тийиштүү көңүл бурат. Башка мамлекеттин мамлекеттик аба кемесинин Кыргыз Республикасынын аймагына же аймагы аркылуу учуусу Кыргыз Республикасы менен ошол мамлекеттин ортосунда түзүлгөн макулдашууга же башка документке ылайык берилген атайын уруксат боюнча ишке ашырылат. Кыргыз Республикасында катталган же негизги иштеген жери же туруктуу жайгашкан жери Кыргыз Республикасында болгон иштетүүчү иштетип жаткан бир дагы аба кемеси ушул Кодекстин жана Граждандык авиация жөнүндөгү эларалык конвенциянын 3 bis статьясынын "d" пунктуна ылайык Граждандык авиация жөнүндөгү эларалык конвенциянын максаттарына ылайык келбеген кандайдыр бир максатта атайылап пайдаланылбайт. Кыргыз Республикасы кандай гана аба кемесин болбосун, эгерде ал анын аймагынын үстүнөн уруксатсыз учса же эгерде ал ушул Кодекстин же Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин максаттарына туура келбеген максаттарда пайдаланылып жатат деп ойлогонго жүйөлүү негиздер болсо, кайсы бир көрсөтүлгөн аэропортко конууга мажбурлоого укуктуу. Мында абадагы кыймылды тейлөөчү орган мындай аба кемесине анын бул өңдүү эрежелерди бузуусун токтотуу максатында көрсөтмөлөрдү берүүгө жана эларалык укуктун, анын ичинде Граждандык авиация жөнүндөгү эларалык конвенциянын 3 bis статьясынын "а" пунктунун жобосуна ылайык чараларды колдонууга укуктуу. Аба кемелерин Кыргыз Республикасынын чегинде кармоо мындай кармоону жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык жасалат. Ал эрежелер Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык информация жыйнагында жарыяланат. Аба кемесин кармоого байланыштуу Кыргыз Республикасы тарткан чыгымдардын баары бул аба кемесин иштетүүчү тарабынан төлөнөт. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-67)  
Кийинки берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-69)
