# 57-статья. Аэродромдорду сертификациялоо жана каттоо

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: VIII Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 57-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-57

---

Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана аэропортторун сертификациялоонун, каттоонун жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын аэродромдорун жана аэропортторун каттоону, сертификациялоону жана иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын граждандык эмес аэродромдорун каттоонун, сертификациялоонун жана иштетүүгө уруксат берүүнүн тартиби мындай аэродромдорду каттоону, сертификациялоону жана иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын аэродромдорун каттоо жана сертификациялоо фактысы ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун тийиштүү реестринде тийиштүү жазууну жазуу жана каттоого алынгандыгы жана сертификациялоо жөнүндөгү сертификат же күбөлүк берүү менен тастыкталат. Аэродромду Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун тийиштүү реестринен чыгаруу жана/же ал аэродромдун катталгандыгы жөнүндөгү сертификатты же күбөлүктү жокко чыгаруу фактысы ал жөнүндө ошол Реестрге тийиштүү жазууну жазуу менен тастыкталат. Кыргыз Республикасынын аэропортторуна эларалык учууларды тейлөөгө уруксат берүү жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-58)
