52-берене. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары), стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик орган (анын аймактык органдары) жана башка мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) салуучу санкциялар
Күчүн жоготкон · 06.08.2015 редакциясы · VII Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2015 года № 219.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 178
52-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 52-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууну жана мыйзамсыз соода иштерин жүргүзүүнү токтотуу жөнүндө өзүнүн көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тартуу үчүн же өз учурунда аткарбагандыгы үчүн айып акы салууга укуктуу.
Айып акыны монополияга каршы мамлекеттик органдын (анын аймактык органынын) кызмат адамы салат.
2. Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекттик орган (анын аймактык органдары) жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү башка мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) өз компетенциясынын чегинде төмөндөгү учурларда айып акы салууга укуктуу:
алардын мыйзамдуу көрсөтмөлөрүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) аткаруудан баш тартса же өз учурунда аткарбаса; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата коюлуучу талаптарга жооп бербеген товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) менен керектөөчүлөргө зыян келтирүү; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) стандарттардын милдеттүү талаптарына ылайык келишин ырастаган сертификатсыз товарларды, анын ичинде импорттук товарларды сатуу (иш аткаруу, кызмат көрсөтүү); сертификациялоо боюнча органдар тарабынан товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) милдеттүү түрдө сертификациялоо эрежелерин бузуу, ошондой эле милдеттүү түрдө сертификациялоодо сыноо жүргүзүүчү лабораториялар (борборлор) тарабынан товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) сыноонун туура эмес натыйжаларын берүү.
3. Айып акылардын өлчөмдөрү ар бир конкреттүү учурда Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык аныкталат. Даярдоочуларга, (аткаруучуларга, сатуучуларга) ошондой эле сертификациялоо боюнча органдарга, сыноо жүргүзүүчү лабораторияларга (борборлорго) салынуучу ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган айып акылар жеке ишкерге салынуучу айып акыны кошпогондо мындай айып акы салуу жөнүндө тийиштүү чечим чыккан күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө колдонулат.
Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) айып акы салган кызмат адамынын чечимине жогору турган инстанцияда даттана алат же сотко доо коюп кайрыла алат. Кызмат адамынын аракеттеринин мыйзамдуулугу ырасталган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын рефинансылоо ставкасына таянуу менен айып акыны жана келтирген зыяндын суммасын төлөп берет. Ушул берененин 1-пунктунда жана 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган жеке ишкерлерге салынган айып санкциялары айып акы тарттыруу жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө колдонулат. Жеке ишкерлер белгиленген мөөнөтүндө айып акы төлөөдөн баш тартса же айып акыны толук өлчөмүндө төлөбөсө, ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жеке ишкерлерден айып акынын тийиштүү суммасын, ошондой эле айып акынын салынган суммасынын бир проценти өлчөмүндө пеня же узарып кеткен ар бир күн үчүн анын төлөнбөгөн бөлүгүн өндүрүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Ушул берененин 2-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарында каралган жана жеке ишкерлерге салынуучу айып санкциялары административдик мыйзамдарга ылайык колдонулат.
4. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык өндүрүлүүчү айып акылардын суммасы республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
5. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) сертификациялоо боюнча органдар, сыноо жүргүзүүчү лабораториялар (борборлор) мамлекеттик монополияга каршы органдын (анын аймактык органдарынын), стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик органдын (анын аймактык органдарынын) жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү башка мамлекеттик аткаруучу бийлик органдарынын (алардын аймактык органдарынын) көрсөтмөлөрүн толугу менен же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө же айып акы салуу жөнүндө тийиштүү токтомдорду бузуу жөнүндө же өзгөртүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Мамлекеттик башкаруу органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (комиссияларынын) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча административдик жазапулдар салуу жөнүндөгү көрсөтмөлөрү менен токтомдоруна карата алар чыгарылган күндөн тартып он күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Экипаждын мүчөлөрүнө тийген зыяндын ордун толтуруу тартиби
(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
VIII Бөлүм
Аэродромдор жана аэропорттор
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/682/st-52" title="52-берене - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>