# 51-берене. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдарынын (алардын аймактык органдарынын) бийлик укуктары

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: VII Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675941..675942>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 51-берене (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-51

---

1. Товарлардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик орган, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органы, курчаган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча мамлекеттик орган жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү башка мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) өз компетенциясынын чегинде:

товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата коюлуучу талаптардын сакталышына контроль жүргүзөт; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата коюлган талаптарды, мындай товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) өндүрүштөн кыскартуу жөнүндө талаптарды бузууну четтетүү, мындай товарларды чыгарууну жана сатууну (иш аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтотуу, жарактуулук мөөнөтү жана колдонулуу мөөнөтү коюлууга тийиш болгон, бирок коюлбаган товарларды жана жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товраларды сатууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөлөрдү, ошондой эле товар жөнүндө ишенимдүү жана жетиштүү маалымат болбогон учурда аны сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтотуу жөнүндө, андай товарларды керектөөчүлөрдөн жыйнап алуу жана ушул туурасында керектөөчүлөргө кабарлоо жөнүндө көрсөтмөлөрдү жөнөтөт; алар товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата коюлган талаптарды бузган учурда даярдоочуларга (аткаруучуларга, сатуучуларга) карата доо коюп, сотторго кайрылат.

2. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында стандартташтыруу. метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик орган, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү башка мамлекеттик башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата милдеттүү талаптарды коет жана ушул талаптардын сакталышына контролдук кылат.

3. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин координациялоо, ошондой эле товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) милдеттүү түрдө сертификациялоо боюнча ишти уюштуруу жана жүргүзүү стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик органга жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-52)
