4-1-статья. Авиациянын түрлөрү жана аны пайдалануу тартиби Авиация мамлекеттик, эксперименталдык
Күчүн жоготкон · 06.08.2015 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2015 года № 219.
4-1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 4-1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
жана жарандык болуп бөлүнөт
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик иштерди (аскердик, чек аралык, бажылык, өзгөчө кырдаалдар боюнча жана башка мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде мобилизациялык-коргонуучулук иштерди) жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануучу аба кемелери мамлекеттик авиацияга кирет. Тажрыйба-конструктордук, эксперименталдык, илимий-изилдөөчүлүк иштерди, ошондой эле авиациялык жана башка техникаларга сыноолорду жүргүзүү үчүн пайдалануучу авиация эксперименталдык авиацияга кирет. Жарандык авиация төмөнкүдөй максаттарда пайдаланылат:
а) жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почта жөнөтүүлөрүн (аба ташуулары) ташууда;
б) авиация иштерин аткарууда;
в) издөө-куткаруу жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө, табигый кырсыктар болгон учурда жардам көрсөтүүдө;
г) жеке же юридикалык жактардын жеке муктаждыктарын канааттандырууда;
д) окутуучулук, спорттук, маданий-агартуучулук иш-чараларды жүргүзүүдө, техникалык чыгармачылыкты өркүндөтүүдө.
Ушул статьянын «а», «б» жана «в» пункттарында акы төлөгөн үчүн же жалдаганы боюнча көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланылган жарандык авиация коммерциялык авиацияга кирет. Жеке жана (же) юридикалык жактардын менчигинде турган жана ушул статьянын «а», «б» жана «в» пункттарында көрсөтүлгөн максаттарда, акысына эмес жана жалдоо боюнча эмес, ошондой эле ушул статьянын «г» жана «д» пункттарында көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланылган жарандык авиациянын аба кемелери жалпы багыттагы авиацияга кирет. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 181 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/682/st-4-1" title="4-1-статья - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>