# 38-статья. Кеме документтери

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 38-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-38

---

Кыргыз Республикасынын аймагында учууну аткаруучу ар бир граждандык аба кемесинин бортунда төмөнкүдөй кеме документтери болот: (а) аба кемесинин каттоого алынгандыгы жөнүндөгү күбөлүк; (б) учууга жарактуулук сертификаты; (в) экипаждын ар бир мүчөсүнө тийиштүү күбөлүктөр; (г) борт журналы; (д) борт радиостанциясына берилген уруксат, эгерде бул аба кемеси радиоаппаратуралар менен жабдылса; (е) эгерде аба кемесинин бортунда жүргүнчүлөр ташылса, жөнөгөн жана баруучу жерин көрсөтүү менен жүргүнчүлөрдүн тизмеси; (ж) эгерде аба кемесинин бортунда жүк ташылса, манифест жана жүктүн толук декларациясы; (з) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде бул максат үчүн каралган башка документтер. Эгерде аба кемесинин бортунда ушул статьяда каралган кандайдыр бир кеме документи жараксыз же жок болуп чыкса, граждандык авиация органынын же көзөмөлдөө боюнча органынын инспектору андай аба кемесинин учуусун тиешелүү граждандык авиация органынын же көзөмөлдөө боюнча органдын жетекчисине токтоосуз түрдө кабарлоо менен токтотуп тура алат. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-39)
