# 29-статья. Аба кемелерин мамлекеттик каттоо жана атайын эсепке алуу

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 181 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203990)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675942..675943>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 29-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-29

---

Учууларды аткаруу үчүн арналган аба кемелери мамлекеттик катталууга жатат:

- жогорку жеңилдиктеги аба кемелерин кошпогондо, жарандык аба кемелери -мамлекеттик катталганы жөнүндө күбөлүктү берүү менен, Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринде;

- жогорку жеңилдиктеги аба кемелери - жарандык авиация органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибинде.

Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү жарандык авиация органына жүктөлөт. Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте катталган аба кемелери Кыргыз Республикасынын улуттук таандыктыгын алат. Кыргыз Республикасындагы аба кемесинин катталгандыгынын фактысы ал аба кемесине улуттук жана катталуу белгилерин ыйгаруу жана ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык аба кемелеринин реестрине тийиштүү жазуу жазылып, катталганы жөнүндө күбөлүк берүү менен тастыкталат. Аба кемесинин Кыргыз Республикасындагы каттоодон чыгарылгандыгынын жана/же ал аба кемесинин катталгандыгы жөнүндөгү сертификаттын күчү жокко чыгарылгандыгынын фактысы ал тууралуу Граждандык аба кемелеринин реестрине тийиштүү жазуу калтыруу менен тастыкталат. Метеорологиялык гана максатта пайдаланылуучу планерлер, аэростаттар же коммерциялык жүгү жок учкучсуз эркин аэростаттар жана ушул сыяктуу башка өтө жеңил учуучу аппараттар Кыргыз Республикасынын Аба кемелеринин реестрине катталбаса да болот. Андай учурда мындай аба кемелери граждандык авиация органы тарабынан атайын каттоого алынууга тийиш. Мамлекеттик аба кемелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик аба кемелеринин реестрине Кыргыз Республикасынын аба кемелерин мамлекеттик каттоого алууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык катталат. Мамлекеттик аба кемелерин мамлекеттик каттоонун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 , 2013-жылдын 3-августундагы № 181 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-28-1)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-30)
