# 2-статья. Авиациялык эрежелер

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2014 [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368); 20.08.2007 [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675943..675944>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 2-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-2

---

Кыргыз Республикасындагы авиациялык иштерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын бардык нормативдик укуктук актылары (мындан ары - Авиациялык эрежелер) ушул Кодекстин негизинде жана ага ылайык кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери Граждандык авиациянын эл аралык уюму пайдаланган тилге ылайык расмий тилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын граждандык авиация органы тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин кабыл алынышы Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алынуучу Граждандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына максималдуу түрдө бирдей келишин камсыз кылуу үчүн жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери авиация ишинин төмөнкүдөй жактарын жөнгө салуучу эрежелерди камтыйт: (а) авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү; (б) учуулардын эрежелери; (в) учууларды метеорологиялык жактан камсыз кылуу; (г) аэронавигациялык карталар; (д) өлчөө бирдиктери; (е) аба кемелерин иштетүү; (ж) аба кемелерин каттоо; (з) аба кемелеринин учууга жарактуулугу; (и) формалдуулуктарды жөнөкөйлөштүрүү; (к) авиациялык электрбайланыш; (л) аба кыймылын тейлөө; (м) издөө жана куткаруу; (н) авиациялык кокустуктарды жана окуяларды териштирүү; (о) аэродромдор; (п) учууларды аэронавигациялык жактан камсыз кылуу; (р) айлана-чөйрөнү коргоо; (с) авиациялык коопсуздук; (т) коркунучтуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу; (у) граждандык авиациянын ишинин Кыргыз Республикасындагы аэронавигациянын коопсуздугуна, туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна тиешелүү башка тармактары. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин Граждандык авиациянын эларалык уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына бирдей келишин камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурларда Кыргыз Республикасы Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 37-статьясына ылайык бул тууралуу Граждандык авиациянын эларалык уюмуна билдирет. Граждандык авиациянын эларалык уюмунун стандарттарынын жана сунуш кылынган практикасынын айрым бөлүктөрү же бөлүмдөрү, ошондой эле аба кемелерин иштеп чыгуучу башка мамлекеттердин тийиштүү стандарттары жана эрежелери, эгерде мындай стандарттар, практика же эреже ушул Кодекстин талаптарына жооп берсе жана аларды Кыргыз Республикасында иштеп чыгуунун зарылчылыгы болбосо, Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонуу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. (КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-3)
