# 155-статья. Эл аралык рейстерде доомат коюу мөөнөтү

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 155-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-155

---

Багажды же жүктү алып жаткан учурда эч кандай нааразылык болбосо, алар тийиштүү деңгээлде жана ташуу документтерине ылайык жеткирилди деп эсептелинет. Багаж же жүк алууга укуктуу тарапка зыян келтирилген учурда, ал багажды алгандан жети күндөн кечиктирилбей жана жүктү алгандан он төрт күндөн кечиктирилбей ташуучу тарапка жазуу түрүндө доомат коюуга тийиш. Жеткирүү мөөнөтү создуктурулган учурларда алуучу тарапка багаж же жүк берилген күндөн тартып 21 күндүн ичинде доомат коюлууга тийиш. Багаж (жүк) жоголгон учурларда аба кемеси белгиленген пунктка келген күндөн же аба кемеси келүүгө тийиш болгон күндөн, болбосо ташуу токтотулган күндөн тартып эки жылдын ичинде ташуучуга доомат коюлууга тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жазуу түрүндө дооматтар коюлбаса ташуучуга доо коюлушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [154-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-154)  
Кийинки берене: [156-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-156)
