155-статья. Эл аралык рейстерде доомат коюу мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 06.08.2015 редакциясы · XV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2015 года № 219.
Багажды же жүктү алып жаткан учурда эч кандай нааразылык болбосо, алар тийиштүү деңгээлде жана ташуу документтерине ылайык жеткирилди деп эсептелинет. Багаж же жүк алууга укуктуу тарапка зыян келтирилген учурда, ал багажды алгандан жети күндөн кечиктирилбей жана жүктү алгандан он төрт күндөн кечиктирилбей ташуучу тарапка жазуу түрүндө доомат коюуга тийиш. Жеткирүү мөөнөтү создуктурулган учурларда алуучу тарапка багаж же жүк берилген күндөн тартып 21 күндүн ичинде доомат коюлууга тийиш. Багаж (жүк) жоголгон учурларда аба кемеси белгиленген пунктка келген күндөн же аба кемеси келүүгө тийиш болгон күндөн, болбосо ташуу токтотулган күндөн тартып эки жылдын ичинде ташуучуга доомат коюлууга тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жазуу түрүндө дооматтар коюлбаса ташуучуга доо коюлушу мүмкүн эмес.
Берененин тексти 06.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
155-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/682/st-155" title="155-статья - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>