# 151-статья. Коммерциялык актыларды түзүү

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 151-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-151

---

Ташуучунун, жүргүнчүнүн, жөнөтүүчү жана алуучу тараптын мүлк жоопкерчилигине негиз болуучу жагдайлар коммерциялык актылары менен күбөлөндүрүлөт. Коммерциялык актыларды түзүүнүн тартиби жана коммерциялык актыларды түзүүнү талап кылбаган жагдайларды күбөлөндүрүүнүн тартиби ташуу эрежелеринде белгиленет. Коммерциялык акт жүк, багаж же почта берүү учурунда төмөмкүдөй жагдайларды:

1. Жүк жана почта натуралай турушунда аталышы, салмагы (массасы) же саны жагынан ташуу документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбей турганын;

2. Жүктүн зыянга учураганын;

3. Багаждын кемигенин же зыянга учураганын;

4. Почтанын кемигенин же зыянга учураганын;

5. Документсиз жүктөрдүн, багаждын же почтанын, ошондой зле жүгү, багажы же почтасы жок документтер табылганын күбөлөндүрүү үчүн түзүлөт.

---

Мурунку берене: [150-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-150)  
Кийинки берене: [152-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-152)
