# 143-статья. Жүргүнчүнүн өлүмү же ден-соолугуна зыян келтиргени үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 143-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-143

---

Ташуу ишин аткаруу учурунда жүргүнчүнүн өлүмүнөн же ден-соолугунун жабыр тартканынан улам келип чыккан зыян үчүн, эгер ал жапа чеккен тараптын карасантай ниетинен келип чыкканын далилдей албаса, ташуучу мүлк жоопкерчилигин тартат. Ооздукталбаган күчтөрдүн аракетинен улам жүргүнчү өлүмгө дуушар болгондо же ден соолугуна зыян келгенде ташуучу, эгер зыяндын пайда болушуна жана күч алышына жабыр тарткан тараптын одоно этиятсыздыгы көмөкчү болгонун далилдей албаса, белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Ал эми ташуучу зыяндын пайда болушуна жана күч алышына жабыр тарткан тараптын одоно этиятсыздыгы көмөкчү болгонун далилдеген учурларда төлөнө турган зыяндын өлчөмү граждандык мыйзамдардын жалпы нормаларына ылайык азайтылууга тийиш же болбосо зыяндын ордун толтуруудан баш тартылууга тийиш. Жүргүнчү аба кемесине түшүү үчүн аэропорттун перронуна чыккандан тартып ал аба кемеси конгондон кийин перрондон чыгып кеткенге чейинки убакыт аралыгы жүргүнчүнү аба кемесине ташуу мезгилине кирет. Эл аралык аба катнаштарында бул жоопкерчилик аба кемелериндеги ташуу иштеринин жоопкерчилиги жөнүндө Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттер катышкан эл аралык келишимдер аркылуу жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-142)  
Кийинки берене: [144-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-144)
