143-статья. Жүргүнчүнүн өлүмү же ден-соолугуна зыян келтиргени үчүн ташуучунун жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 06.08.2015 редакциясы · XV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2015 года № 219.
Ташуу ишин аткаруу учурунда жүргүнчүнүн өлүмүнөн же ден-соолугунун жабыр тартканынан улам келип чыккан зыян үчүн, эгер ал жапа чеккен тараптын карасантай ниетинен келип чыкканын далилдей албаса, ташуучу мүлк жоопкерчилигин тартат. Ооздукталбаган күчтөрдүн аракетинен улам жүргүнчү өлүмгө дуушар болгондо же ден соолугуна зыян келгенде ташуучу, эгер зыяндын пайда болушуна жана күч алышына жабыр тарткан тараптын одоно этиятсыздыгы көмөкчү болгонун далилдей албаса, белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Ал эми ташуучу зыяндын пайда болушуна жана күч алышына жабыр тарткан тараптын одоно этиятсыздыгы көмөкчү болгонун далилдеген учурларда төлөнө турган зыяндын өлчөмү граждандык мыйзамдардын жалпы нормаларына ылайык азайтылууга тийиш же болбосо зыяндын ордун толтуруудан баш тартылууга тийиш. Жүргүнчү аба кемесине түшүү үчүн аэропорттун перронуна чыккандан тартып ал аба кемеси конгондон кийин перрондон чыгып кеткенге чейинки убакыт аралыгы жүргүнчүнү аба кемесине ташуу мезгилине кирет. Эл аралык аба катнаштарында бул жоопкерчилик аба кемелериндеги ташуу иштеринин жоопкерчилиги жөнүндө Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттер катышкан эл аралык келишимдер аркылуу жөнгө салынат.
Берененин тексти 06.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
143-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/682/st-143" title="143-статья - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>