# 136-статья. Жүргүнчүнүн демилгеси боюнча ташуу келишимин токтотуу

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 136-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-136

---

Ташуу эрежелеринде белгиленген мөөнөттө учуудан баш тарта турганын билдирген учурларда жүргүнчү төлөнгөн суммасын кайра ала алат. Эрежелерде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип учуудан баш тартарын билдирген учурларда жүргүнчү төлөнгөн сумманын тийиштүү жыйымы каралган өлчөмүн кайтарып ала алат, жыйымдын өлчөмү бир багыттагы ташуу акысынын 25 процентинен ашпоого тийиш. Эгер аба кемесинин учушу кийинкиге калтырылса же ал учуп чыккан пунктка кайра келип консо, ошондой эле ошо ташуучунун рейсинен пайдаланып, жүргүнчү ташуунун датасын жана маршрутун өзгөрткөн учурларда жогорку жыйымдар кармалбайт.

---

Мурунку берене: [135-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-135)  
Кийинки берене: [137-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-137)
