# 131-статья. Аба аркылуу ташуусу жөнүндө келишим

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 131-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-131

---

Жүргүнчүлөрдү жана багаждарды аба аркылуу ташуу жөнүндөгү келишим боюнча ташуучу билетте белгиленген рейсти аткаруучу аба кемесинде жүргүнчүгө жана анын багажына орун берип, аларды белгиленген пунктка жеткирүүгө, ал эми жүргүнчү багажын тапшырган учурда аны белгиленген пунктка жеткирип, багажды алууга полномочиеси бар адамга тапшырууга милдеттенет. Жүргүнчү ташуу ишин аткаргандыгы үчүн ташуучуга бекитилген тариф боюнча, ал эми ташуу үчүн белгиленген нормадан ашыкча багаж болсо, ошол багаж үчүн да акы төлөп берүүгө милдеттенет. Аба аркылуу жүк же почта ташуу жөнүндөгү келишим боюнча ташуучу ага тапшырылган жүктү же почтаны белгиленген пунктка жеткирүүгө жана аларды алууга полномочиеси бар адамга (алуучуга) тапшырууга милдеттенет, ал эми жөнөтүүчү ташылган жүк же почта үчүн бекитилген тариф боюнча акы төлөп берүүгө милдеттенет.

---

Мурунку берене: [130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-130)  
Кийинки берене: [132-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-132)
