131-статья. Аба аркылуу ташуусу жөнүндө келишим
Күчүн жоготкон · 06.08.2015 редакциясы · XV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2015 года № 219.
Жүргүнчүлөрдү жана багаждарды аба аркылуу ташуу жөнүндөгү келишим боюнча ташуучу билетте белгиленген рейсти аткаруучу аба кемесинде жүргүнчүгө жана анын багажына орун берип, аларды белгиленген пунктка жеткирүүгө, ал эми жүргүнчү багажын тапшырган учурда аны белгиленген пунктка жеткирип, багажды алууга полномочиеси бар адамга тапшырууга милдеттенет. Жүргүнчү ташуу ишин аткаргандыгы үчүн ташуучуга бекитилген тариф боюнча, ал эми ташуу үчүн белгиленген нормадан ашыкча багаж болсо, ошол багаж үчүн да акы төлөп берүүгө милдеттенет. Аба аркылуу жүк же почта ташуу жөнүндөгү келишим боюнча ташуучу ага тапшырылган жүктү же почтаны белгиленген пунктка жеткирүүгө жана аларды алууга полномочиеси бар адамга (алуучуга) тапшырууга милдеттенет, ал эми жөнөтүүчү ташылган жүк же почта үчүн бекитилген тариф боюнча акы төлөп берүүгө милдеттенет.
Берененин тексти 06.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
131-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/682/st-131" title="131-статья - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>