# 13-статья. Абадагы кыймылды тейлөөчү орган

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 августа 2007 года № 154 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202188)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675939..675940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 13-статья (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-13

---

Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөөнү абадагы кыймылды тейлөөнүн бирдиктүү органы (мындан ары - абадагы кыймылды тейлөөчү орган) жүзөгө ашырат. Абадагы кыймылды тейлөөчү орган өз ишин Кыргыз Республикасынын граждандык авиация органы тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүзөгө ашырат. Абадагы кыймылды тейлөөчү пункт Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын чегинде жана анын бүткүл аба мейкиндигинин чегинде абадагы кыймылды ишеничтүү байкоого алууну жана тейлөөнү камсыз кылуу үчүн, жок эле дегенде, Кыргыз Республикасынын ар бир аэропортунда жайгашат жана ал пунктка абадагы кыймылды тейлөө үчүн жоопкерчилик жүктөлөт. Абадагы кыймылды тейлөөчү органдын функцияларына жана милдеттерине төмөндөгүлөр кирет: (а) абадагы кыймылды тейлөө жана абадагы кыймылды башкаруу; (б) Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде аба мейкиндигин коопсуз, туруктуу жана натыйжалуу пайдалануу тартибин уюштуруу жана камсыз кылуу; (в) мамлекеттик аба кемелеринин абадагы кыймылын тейлөөчү органдар жана башка тараптар менен аба мейкиндигин пайдалануу маселеси боюнча эриш-аркак аракеттенүү; (г) Кыргыз Республикасынын тийиштүү аскердик органдары, граждандык авиация органдары жана башка ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте аба мейкиндигиндеги тыюу салууларды, чектөөлөрдү жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учуу иштерин аткаруунун же аба мейкиндигин пайдалануунун тартибин белгилөө жана аба мейкиндигин пайдалануучуларга бул тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө өз убагында билдирүү; (д) аба мейкиндигинин пайдаланылышын контролдоо жана абадан коргонуу органдарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын бузууларды жана учуу иштерин аткаруунун белгиленген тартибинин дагы башка бузууларын болтурбоого жана токтотууга көмөк көрсөтүү; (е) аба кемелеринде учуу иштерин аткарууга диспетчердик уруксаттарды берүү; (ж) граждандык авиация органынын уруксатынын негизинде же ал орган менен макулдашуу боюнча ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөөнү жана аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык аба мейкиндигин пайдалануунун башка түрлөрүн жүргүзүүгө уруксаттарды берүү; (з) аэродромдордун айланасында имараттарды, курулуштарды, электр өткөрүүнүн жогорку вольттуу линияларын жана учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон дагы башка объекттерди куруу мүмкүнчүлүгүнө корутундуларды берүү; (и) Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин пайдаланууну уюштуруу максатында абадагы кыймылды тейлөөчү органга жүктөлүшү мүмкүн болгон башка функцияларды жана милдеттерди аткаруу. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-14)
