# 124-берене. Иштетүүчүнүн сертификатын берүүгө карата талаптар

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/682)
- Документтеги орду: XIV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Аба Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1483
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2015 года № 219 "О введении в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111263)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2014 года № 147 "О внесении дополнений и изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/682#diff=675943..675944>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-13/edition/675938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/682/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 124-берене (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-124

---

Иштетүүчүнүн сертификатын берүүгө карата талаптар жана ага байланышкан эксплуатациялык өзгөчөлүктөр аба кемелерин иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылат. Эгерде иштетүүчүнүн учууларды жүргүзүү боюнча жетекчиликке ылайык аба ташууларынын иштетүүчү тарабынан билдирилген түрүнө ылайык учууга жарактуулуктун сертификаты менен ырасталган учууга жарактуу бир аба кемеси болсо жана иштетүүчүдө учууларды жүргүзүү үчүн тийиштүү эксплуатациялык жана башкаруучулук уюштуруучулук түзүмү, өндүрүштүк жана административдик жайлар, техникалык каражаттар, жабдуулар, даярдык программалары, ошондой эле учуулардын белгиленген мүнөзүнө жана көлөмүнө ылайык келген жердеги жана техникалык тейлөө тутумунун жана ал аба кемесин эксплуатациялоо үчүн зарыл башка мүмкүнчүлүктөрү болгон шартта иштетүүчүнүн сертификаты жана аны менен байланышкан эксплуатациялык өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөр берилет. Аба кемесинин менчиктиги аба кемесин сатып алуу-сатуу жөнүндөгү келишим же макулдашуу менен тастыкталат. Калган аба кемелерине карата иштетүүчүдө кийин сатып алуу же болбосо каржылык ижара (лизинг) келишими менен ырасталган пайдалануу жана ээлик кылуу укугунун болушу жетиштүү. (КР 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-123)  
Кийинки берене: [125-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/682/st-125)
